Каракол—Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылды

11:10, 08 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Каракол—Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Ак-Суу районунда 7-апрель күнү саат 16:40 чамасында Каракол—Эңилчек унаа жолунун 82-чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу) көлөмү болжол 12000 метр куб кар көчкү түшкөн. Жол каттамы убактылуу жабылган.

Кырсык болгон жерге ӨКМдин Ак-Суу райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу, ИИМдин ЖККК башкармалыгынан 2 кызматкер тартылган. Унаа жолдун 36-чакырымында (Ак-Булак айылы) жана 118-чакырымында (Оттук чек ара посту) посттор уюштурулган. Тазалоо иштери бүгүн уланат.