Лейлек районунда сел жүрүп, ички чарбалык унаа жолдор жабыркады

10:33, 08 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда сел жүрүп, ички чарбалык унаа жолдор жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ак-Суу айыл аймагында 5-апрелде саат 21:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ак-Суу сайынан сел жүрүп, анын кесепетинен Ак-Суу айылынан Жеңиш айылына баруучу ички чарбалык унаа жолдун 3000 метр аралыгын ылай суулар каптап, 2600 метр ички чарбалык арыгын толтурган. Турак үйлөргө зыян келтирилген эмес.

Жерине Ак-Суу айыл аймагынан 1 экскаватор тартылган. 7-апрель күнү тартылган техниканын жардамында 3000 метр ички чарбалык унаа жолу толук тазаланган. Ал эми ички чарбалык арыктын 2000 метр аралыгы тазаланган. Тазалоо иштери бүгүн дагы улантылат.