Элдик Апрель революциясында курман болгондор эскерилди. Фоторепортаж

10:03, 08 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков 7-апрелде 2010-жылы Элдик Апрель революциясында курман болгондорду эскерди. Чогулгандар бир мүнөт үн катпай турушуп, курман болгондордун элесине арналып куран окулду. 

Фото

Иш-чарага Жогорку Кенештин төрагасы Дастанбек Джумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, КР экс-президенти Роза Отунбаева, 2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандары, Элдик Апрель окуяларынын катышуучулары, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана коомчулук өкүлдөрү катышты. 

«Ата-Бейит» мемориалдык комплексинен кийин Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтындагы 2002-жылы Аксы окуяларында жана 2010-жылы Апрель окуяларында эл эркиндиги үчүн курман болгондорду эскерүү монументине гүл койду.