«Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсү. Түштүк Корея маданиятынан көз ирмемдер

10:15, 08 апреля 2019, Бишкек - 24.kg , Элеонора КЫДЫРОВА

Фото
7-апрелде Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсүнүн алкагында Түштүк Кореянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өздөрүнүн маданиятын таанытты. 
Фото

Шаардын тургундары жана меймандары корей элинин бийине күбө болушту. 

Иш-чаранын жүрүшүндө көргөзмө уюштурулду, анда Кыргызстанда белгилүү болгон корей косметикалары сатыкка коюлду. 

Мындан сырткары балдар үчүн мультфильм көрсөтүлдү. 

Эске салсак, иш-чара «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана «Кийиз дүйнө» коомдук фондунун колдоосу менен уюштурулду. 28-апрелге чейин Жибек жолу кесип өткөн өлкөлөрдүн Кыргызстандагы 16 элчилиги катышып, ар бири бөлүнгөн бир күндө өз өлкөсүн таанытат. 

Фото

Көргөзмөгө Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Кытай, Индия, Иран, Түркия, Монголия, Жапония, Түштүк Корея, Пакистан, Ооганстан жана Орусия өлкөлөрүнүн элчиликтери катышат.