Талас облусундагы жол кырсыкта 46 жаштагы инспектор каза болду

09:29, 08 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Талас облусундагы жол кырсыкта 46 жаштагы инспектор каза болду. Бул тууралуу Талас облустук жол кыймылынын кооопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолундагы Боо-Терек айылында болгон. Анда инспектордун унаасы менен MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Кесепетинен милициянын прапорщиги Абдылдаев Жыргалбек кырсык болгон жерде көз жумду.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.