Бүгүн Ош шаарынын айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт

11:03, 05 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн кечки саат 5ке чейин Ош шаарынын айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Оңдоо иштерине байланыштуу, жарык төмөнкү даректерде өчөт:

Алымбеков, Карабаев, Токтогулов, Давыдов, Мамажан, Ж.Мамытов, Алыкулов, Бекмуратов, Достук, Куреңкеева, Фучик көчөлөрү; Курманжан датка көчөсү (Давыдов-Мамажан көчөлөрүнүн кесилиши), Масалиев көчөсүндөгү № 11, № 15, № 17 А, № 45, № 65 үйлөр; Монуев көчөсүндөгү № 54, № 56 көп кабаттуу үйлөр.