Ала-Букада унаа өрттөнүп, айдоочу каза болду

10:54, 05 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука айылында «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп, 35 жаштагы айдоочусу каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык айылдагы көчөдө болгон.

Өрттүн кесепетинен унаанын 1984-жылы туулган айдоочусу К.Э. каза болгон. Анын денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.