Бишкекте 11 жаштагы бала көп кабатуу үйдөн кулап кетип каза болду

09:55, 05 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте 11 жаштагы бала көп кабатуу үйдөн кулап кетти. Маалыматты 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен тастыкташты.

Кулап кеткен бала ооруканада каза болду.

Бишкек ШИИББсы фактыны тастыктады. Учурда иликтөө иштери башталды.