06:04
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бир ай бою аймактарда Дооронбек Садырбаевдин тасмалары көрсөтүлөт

Дооронбек Садырбаевдин тасмалары бир ай бою Кыргызстандын бардык аймактарында көрсөтүлөт. Бул тууралуу «Азаттык» билдирди.

1-7-апрелде режиссердун чыгармачылыгына арналган жумалык уюштурулуп, Бишкектеги Кино үйүндө анын тасмалары көрүүчүлөргө тартууланып жатат.

Киножумалык 1-апрелде «Арман» аттуу көркөм тасмасы менен башталды. Бул тасма Чыңгыз Айтматовдун «Уулум менен жолугушуу» аңгемесинин негизинде тартылган.

Жазуучу, кинорежиссер, Кыргыз эл баатыры, Эл артисти Дооронбек Садырбаев быйыл 80ге чыкмак. 13-февралда мааракелик иш-чара Жалал-Абадда өзү туулуп өскөн Ноокен районунда белгиленди. Ал 70тей даректүү, 16 көркөм тасманын, 8 китептин жана 700дөй публицистикалык макаланын автору

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума