Жемкорлук менен күрөштөн атайын эсеп дагы 5 миллион сомго толукталды

17:20, 04 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Башкы прокуратура коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган эсепке дагы 5 миллион сом акча которду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган учурдан тартып которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы 373 миллион 764 миң 578 сом 99 тыйынды түздү.

Былтыр премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго кол койгон. Ага ылайык, бул эсепке экономикалык жана кызмат адамдарына козголгон кылмыш иштеринин алкагында алынган каражаттар топтолот. Анда мамлекетке келтирилген чыгымдар кайтарылып, өзүнчө эсепте сакталып, өкмөттүн чечими менен бөлүштүрүлөт.