Кыргызстанда «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун 159,7 миң киши алат

16:42, 04 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун 159,7 миң киши алат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жөлөкпул аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка толо элек ар бир баласына берилет. Мында үй-бүлөлөрдүн кирешеси 900 сомдон ашпашы керек. Жөлөкпулдун орточо көлөмү 879,7 сомду түзөт.

Министрликтен билдиришкендей, пенсия менен камсыз болбогон 89,5 миң киши социалдык жөлөкпул алышат. Анын орточо көлөмү 3 миң 9 сомго жетет.