Кара-Суу районунда сарайдан өрт чыгып, 30 түк чөп күйүп кетти

15:12, 04 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кыдырша айылында сарайдан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жыгач устундуу шифер жабылган 2 кабаттуу сарайдын 40 чарчы метр чатыры, 600 боо жүгөрү сабагы жана 30 түк чөп күйгөн.

Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.