11:45, 04 апреля 2019, Бишкек - 24.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков төрт эмге 2 миллион сом берди. Аны президенттин кеңешчиси бүгүн балдардын ата-энесине тапшырды.
Маалыматка караганда, үй-бүлөгө өкмөт 150 миң сом, Бишкектин Октябрь райондук администрациясы 90 миң сом акчалай жардам беришти.
Төрт эм 25-февралда Бишкектеги № 4 төрөт үйүндө төрөлгөн. Кечээ аларга Арууке, Айчолпон, Акбермет, Сооронбай ысмы ыйгарылып, күбөлүк алышкан.