Боом капчыгайында унаа кыймылына чектөө киргизилет

10:39, 04 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Боом капчыгайында унаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» компаниясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-апрелден 12-апрелге чейин саат 9дан 15:00гө чейин аталган аймакта таш кулатуу иштери жүргүзүлөт. Мындан улам, жол маал-маалы менен жабылып турат.

«30-40 даана унаа топтолуп кала турган болсо, таш кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат», -деп айтылат маалыматта.