17:37
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жогорку Кеңеште кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды талкуулоо сунушталды

Депутаттар Казакстан менен Кыргызстандын чек арасында болгон кырдаалды талкуулоону талап кылышты. Эске салсак, ушул жылдын 19-мартынан тарта Кыргызстандан барган жүк ташуучу унаалар чек арада кармалууда.

Депутат Руслан Казакпаевдин айтымында, чек ара маселелерине жооптуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду чакыруу керек. Андан эмне себептен мындай тыгындар жаралып калганын, бизнес чыгашага учурап жатканын сурап, өкмөт аракет кылбай жатканын айтуу керек.

«Абалды түшүндүрүүгө аракет кылган жалгыз эле Экономика министри Олег Панкратовдон башка эч кимди көргөн жокмун. Эмне үчүн калган аткаминерлер үн катпай отурушат?», -деп суроо салды Руслан Казакпаев.

Депутат Аалы Карашев Жеңиш Разаковду коңшу мамлекетке барып, кесиптештери менен сүйлөшүп келсин деген пикирде. Жыйынтыгында эл өкүлдөрү отурумга вице-премьер-министр өзү келип отчет берсин деп добуш беришти.

Эң көп окулган жаңылыктар