Бишкекте 2 унаа кагышып, кесепетинен 2 киши жаракат алды

10:11, 04 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Honda Accord жана Nissan үлгүсүндөгү унаалар кагышып, кесепетинен 2 киши жаракат алды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ Ибраимов менен Фрунзе көчөсүндө катталган.

58 жана 31 жаштагы жабырлануучулар ооруканага жеткирилди.