09:18, 04 апреля 2019, Бишкек - 24.kg
Сүрөтчүлөрдүн тобу Орловка шаарчасынын орто мектебинин эшиктерин кооздоп сүрөт тартып беришти. Бул тууралуу долбоордун катышуучусу Малика Умарова билдирди.
Анын айтымында, кечээ сабактан кийин сүрөтчүлөр эшиктерге сабакка байланыштуу сүрөттөрдү тартышкан.
«Мектеп директору биздин сунушту дароо колдого алды. Бүгүн сабакка келген балдар кандай кабыл алды экен?», — дейт ал.