20:05
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Стамбулдагы «Ататүрк» аэропорту жабылат

Түркиянын Транспорт министрлиги расмий сайтында 5-апрелде Стамбул шаарындагы эл аралык «Ататүрк» аэропорту жаңы «Стамбул» аэропортуна көчөрүн кабарлады. Маалыматта 5-апрелдин түнүнөн баштап «Ататүрк» аэропорту каттамдарды кабыл албай тургандыгы кабарланган. Каттамдарды 45 сааттан кийин жаңы «Стамбул» аэропорту кабыл ала баштайт.

Ал арада Стамбул шаарына келген авиакаттамдар толугу менен шаардагы «Сабиха Гөкчен» аэропортуна жөнөтүлөт.

Түркиянын Маалымат министрлиги авиакомпанияларды бул күнү Стамбулга багытталган каттамдар тууралуу жүргүнчүлөргө маалымат берүүгө милдеттендирди.

Стамбул шаарындагы «Ататүрк» аэропорту 1989-жылы курулуп, эл аралык жана жергиликтүү каттамдарды кабыл алган. Аэропорттон жылына орточо 63 миллионго жакын жүргүнчү өтүп келди. 

Эң көп окулган жаңылыктар