Аймактардa суу ташкындары күтүлөт

17:52, 03 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

4-6-апрель күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Чүй, Талас облустарынын ойдун жерлерин суу капташы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.

Министрлик, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларда суунун деңгээли кескин көтөрүлүшү мүмкүндүгүн эскертет.

«Жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл», — дейт ӨКМ.