Венера Акынбекованын Түштүк Кореяга кетүүсүнө уулунун жүрөк оорусу себеп болгон. Операцияга көп каражат керек болгондуктан, мекендешибиз чет жерден иштеп келүүнү чечет. Ал акыркы жарым жылдан бери Чечон шаарындагы кафелердин биринде ашпозчу болуп эмгектенүүдө.
Корей тилин өздөштүргөн Венера Акынбекова жергиликтүү элдин салтынан тарта чет жердеги жумушуна чейин 24.kg агенттигине айтып берди.
— Түштүк Кореяга кеткенге чейин Москвада да жашадым дедиңиз?
— Түштүк Кореяга барып иштегенге чейин алгач Москвага кеткем. Анда 21 жашта болчумун, жаңы эле турмушка чыккам. Москва шаарында 15 жыл жашадык, жолдошум курулуш базарында контейнер иштетчү, мен үйдө отурчумун. Улуу уулум ошол жакта төрөлгөн. Кийин курулуш базары жабылып калып, аябай көп чыгымга учурадык. Андан кийин мен дагы иштешим керек болуп, ресторанга официант болуп кирип, администраторлук кызматка чейин көтөрүлдүм. 15 жыл четте жүрүп, өз мекенибизге кайттык. Бирок, жолдошум менен акыры ажыраштык. Негизи биргеликте бардык нерсеге жетишкенде үй-бүлө бекем болот дешет, биз акча топтогунубуз менен бирге боло албадык. Учурда балдарды жалгыз тарбиялайм.
Кореяга барып иштеп калам деген оюмда жок болчу. Жакын тааныштарым аркылуу маалымат алып, кызыгып калдым. Акыры тил үйрөнө баштадым. Ал кезде Бишкекте дүкөн иштетчүмүн. Эртең менен курска барам, курстан чыгып дүкөнгө барып иштеп жүрүп тилди бир аз үйрөндүм. Кокусунан эле дарыгерлер улуу баламдын жүрөгүнө операция жасаш керек деп калышты. Ошондо Кореяга кетүүгө чыгына баштадым. Себеби, операцияга 3 миң доллар керек болчу.
Кыргызстанда мынча акчаны 100 жылда да чогулта албайт элем. Эч нерсени карабай Кореяга кетип калдым.
— Ашпозчу болуп иштеп жатыпсыз, өз кесибиңиз эмне?
— Кыргызстанда Эл аралык университетке тапшыргам, бирок шартка байланыштуу окууну уланта албай калдым. Негизи интерьер-дизайнер болгонду эңсеп келем, окуунун эрте кечи жок дегендей дагы деле оюмда бар. Эми деле жумушту бир нукка коюп алып, окуумду улантсам дейм.
Азыркы тапта корей үй-бүлөсүнө таандык кафеде иштейм. Кожоюндары аябай кичи пейил, жакшы адамдар. Бир жумада эле кожойке менин кылган жумушумду жактырып, мени тамактарды салып берүүчү кызматчы ордуна тургузду. Ал жерде закусканын түрлөрү болот, кардарларга даярдап салып берем. Бизде жалаң балыктан жасалган тамактар сатылат. Жумасына бир жолу эс алабыз, эс алган күндөрү кожоюндар менен башка кафеге барып чогуу тамактанып турабыз.
— Корей тилин өздөштүрүп калдыңызбы? Тилден кыйналган учурлар болдубу?
— Англис тилин бир аз билем, алгач бул жакка келгенде англис тилинин пайдасы тийди. Корей тилин Бишкекте окуганым менен курсту толук аяктаган эмесмин. Негизи корей тили кыйын эмес, мен үчүн аябай кызыктуу болду. Кытай жана жапон тилине караганда, корей тили биздикиндей эле тамгалардан турат. Биринчи жумушка келгенде түшүнбөй кыйналдым. Бирок аз болсо да окуганымдын жардамы тийди, тез эле үйрөнүп кеттим. Азыр деле жумуштан келгенде үйдө окуп, кайталап турам.
Тилди жакшы өздөштүрүп алып, жаңы келген кыргыздарга жардам берем деген ой бар.
— Улуу балаңыздын жүрөгүнө операция жасалдыбы?
— 15 жана 9 жаштагы уулдарым бар. Алар өз апам менен инимдин колунда. Эгер мүмкүнчүлүк болсо Кореяга алып келип окутсам деп ойлонуп жүрөм. Бирок, бала менен чет жакта жүргөн жалгыз кишиге кыйын.
Учурда баламдын операциясы токтоп турат, Бишкектеги дарыгерлер көзөмөлгө алып, бир аз күтө турууну сунушташты.
— Сиз жашаган Чечон шаарында кыргыздарды жолуктура алдыңызбы?
— Кыргыздар негизи бардык шаарларда бар экен, бирок мен жашаган шаарда аз. Жакында эле чат аркылуу бир кыргызды таап аябай сүйүндүм. Янсан шаарындагы кыргыздар Нооруз майрамын белгилешти. Боз үй тигилип, аябай көп эл чогулгандыгын айтышты.
— Жергиликтүү корей эли тууралуу айтып берсеңиз?
— Бизге окшоп меймандос келет экен. Келген конокко ийилип саламдашып тосуп алып, ийилип кайра узатышат. Биринчи мен келгенде баары эле мага шириндик берип атышты, ал эмнеси түшүнбөдүм. Баарынан да мага корейлердин келинге болгон мамилеси жакты.
Келин буларда босогодо отурбайт, кайненеси чуркап жумуш кылып жүрсө деле келин отура берет. Бирок эч ким аны жаман көрбөйт. Келин менен кайнененин мамилеси достой экен.
— Тамак ашына көнүп калдыңызбы?
— Тамак аштан биринчи күндөрү кыйналдым, себеби корейлер нандын ордуна күрүч жешет. Башында үч маал күрүч жеп жүрүп, ашказаным иштебей аябай кыйналдым. Бара-бара көнүп кеттим. Мага негизи ачуу тамактар жагат, балыкты дагы жакшы көрөм. Бул жакка келип күн сайын ачуу тамак жана балык жеп жыргап калдым.
Дагы бир таң калтырган жери бул жакта тамактанганда чалпылдап чайнашат, бирок бул нерсе корейлер үчүн кадимки көрүнүш болуп эсептелет.
— Кыргызстанда жүргөндө корей сериалдарын көрчү белеңиз? Сиз көргөн корейлер тасмадагыдай эле бекен?
— Корей сериалдарын көрчү эмесмин, кызыкпайм деле. Мага кичинекей кезимде телевизорго бекер убактыңды кетирбе деп үйрөтүшкөн. Андыктан телевизордон жаңылыктарды гана көрөм.
Корейлер өздөрүн аябай жакшы карап алып жүрүшөт, эркектери да 2-3 сыйра крем коюшат, каштарына татуаж жасаткандары да бар.