Казакстан президентинин администрациясынын билдирүүсүндө жолугушууда эки тараптын мамилеси, кызматташтыгы, Евразия аймагындагы интеграциялык долбоорлорду өнүктүрүү сыяктуу бир топ маселе тууралуу сөз боло турганы жазылган.
Бул Касым-Жомарт Токаевдин Казакстандын президенти болгондон кийинки алгачкы чет өлкөлүк сапары.
Сенаттын мурдагы төрагасы, экс-премьер-министр жана өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Токаев президенттик кызматка 20-мартта киришкен. Ошол эле күнү Сенат спикери кызматына өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева дайындалган. 19-мартта Казакстанды дээрлик 30 жыл башкарган Назарбаев кызматтан кеткенин жарыялаган.