Ош—Араван унаа жолунун четиндеги камыштар өрттөнүп, анын кесепетинен 49 дарак күйүп кеткен. Бул тууралуу Turmush басылмасы мамэкотехинспекциянын Араван жана Ноокат райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын инспектору Алмазбек Нурмаматовго шилтеме берип жазды.
Анын айтымында, өрт 33,5 миң сом чыгым келтирген.
«22-мартта Араван—Ош трассасынын жээгиндеги камыштар белгисиз жарандар тарабынан өрттөлгөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрттүн кесепетинен жолдун боюндагы дарактар дагы зыянга учураган. Чогултулган материалдар укуктук баа берүү үчүн Араван райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилди», — деди Алмазбек Нурмаматов.