Май айында кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алышат

15:55, 03 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Май айында кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-май (шаршемби) — Эмгек күнү, 9-май (бейшемби) — Жеңиш күнү эс алуу болот. 

10-май (жума) иш күнү болушу керек эле, бирок 5-май -Конституция күнүнүн (жекшемби) эсебинен эс алуу күнү деп жарыяланды.