20:55
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Аксы районунда 26 жаштагы жигит дарыяга түшүп кетип изделүүдө

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда 26 жаштагы жигит дарыяга түшүп кетип изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-апрель күнү Тегирмен-Сай айылындагы Кара-Суу дарыясына 26 жаштагы С.К. аттуу жаран түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келген.

Издөө иштерине ӨКМнын өрт куткаруу бөлүмүнөн жана өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын жалпы 12 куткаруучусу чыккан. Бирок жаран табылган эмес.

Бүгүн дагы издөө иштери улантылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар