Эртең Бишкекте «7-апрель шейттеринин» мечитинин ачылуу аземи болот

12:16, 03 апреля 2019, Бишкек - 24.kg , Элеонора КЫДЫРОВА

Эртең Бишкекте саат 10.00дө «7-апрель шейттеринин» мечитинин ачылуу аземи болот. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мечиттин кызматкери билдирди. 

Фото

Маалыматка ылайык, мечиттин ачылышына мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин келиши күтүлүүдө. Мындан тышкары белгилүү дин аалымдары катышат. 

Фото

Эске салсак, аталган мечиттин курулушу 2015-жылдын апрелинде башталган. Диний жайды куруу демилгеси мурунку өлкө башчысына таандык. Ал Бишкектеги 7-кичи райондо жайгашкан жеке жер аянтын мечит курууга бөлүп берген.