Иса Өмүркулов социал-демократтардын альтернативдүү съездине келген жок

11:36, 03 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов социал-демократтардын альтернативдүү съездине келген жок. Ал Жогорку Кеңештин отурумунда отурат.

Съездге Кушбак Тезекбаев, Кененбек Кулманов, Тынчтыкбек Токтогулов, Сагынбек Абдырахманов, Муратбек Турдубаев, Рысбек Карыбаев, Нурбүбү Кененбаева келген.

Альтернативдүү саясий уюмдун юристи Муратбек Турдубаевдин айтымында, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди колдобогон социал-демократтардын  эми өзүлөрүнүн кеңсеси, жаңы уставы болот.