11:42, 03 апреля 2019, Бишкек - 24.kg , Айнура Аскарова
Россия Кыргызстандын жарандары үчүн 29-марттан 22-апрелге чейин «миграциялык мунапыс» жарыялады.
24.kg агенттиги ким бул мунапысты колдоно алары боюнча жолдомо сунуштайт.
Мунапысты Кыргызстандын жарандары гана колдоно алышат. «Кара тизмеге» кирип, Россиядан чыгарылган жана учурда Россияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар мунапыс болушат.
Россия федерациясы мунапыс кылууга даяр мигранттардын тизмесин жарыялады.
Тизме Кыргызстандын Миграция кызматынын сайтында (ssm.gov.kg) жарыяланды. Аты-жөнүңүздү жазып, өзүңүздү издеп көрүңүз.
Андан тышкары, элчиликтен жана Миграция кызматынын Россиянын аймактарындагы өкүлчүлүктөрүнөн тизмеден тактап берүүнү өтүнсө болот
Мунапыска «кара тизмедеги» 992 кыргыз жараны кирди. Алар көбүнчө Россияга кирүүгө тыюу салынган мөөнөтү аяктап бара жаткандар.
Андан тышкары, 113 миң Россияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар дагы мунапыска кошулду. Алар негизинен Россия жүрүүгө уруксат кагаздарынын мөөнөтү узартылбай, же кандайдыр бир административдик бузууларга баргандар.
«Кара тизмеден» чыгарылган 992 кыргыз жараны май айынан тарта Россияга мыйзамдуу түрдө кире алышат.
Мунапысты колдонуу үчүн алгач өзүңүздү тизмеден тактаңыз. Андан кийин Россиянын Ички иштер министрлигинин Миграция боюнча башкы башкармалыгынын райондук бөлүмдөрүнө барып, паспортту көрсөтүп, жаңы миграциялык картаны алыңыз. 30 күн ичинде миграциялык каттоого турууну унутпаңыз.