10:49, 03 апреля 2019, Бишкек - 24.kg , Элеонора КЫДЫРОВА
5-апрелде Кыргыз радиосунда саат 10:00дөн 17:00гө чейин «күү күнү» өтөт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган радиодон билдиришти.
Маалыматка ылайык, программанын алкагында комузчу, күүчүлөр бир студияда «Камбаркан», «Ботой», «Шыңгырама», «Кербез» баш болгон күүлөрдү чертишет.
Бул күнү иш-чарага СССРдин эл артисти Самара Токтакунова, КРдин эмгек сиңирген артисти Намазбек Уралиев, комузчулар Рахат Көчөрбаев, Жусуп Айсай, Нурзат Орозалиева, «Акак» жана «Сезим» комузчулар ансамбли, «Камбаркан», «Ордо сахна» фольклордук — этнографиялык ансамблдеринин комузчулары, «Өмүр» тобу катышат.