11:47
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Нью-Йорк, Москва жана Душанбе. Тажикстандык 3 таксист тууралуу тасма жарык көрдү

Журналист Мумин Шакиров Тажикстандык үч таксисттин автоунааларына видеокамера орнотуп, алар тууралуу тасма тартты.

СССР таркагандан кийин жана жарандык согушту башынан өткөргөн тажикстандыктар постсоветтик чөлкөмдө эң эле мобилдүү улутка айланган. Өлкөдөн эки миллиондон ашык мирант чыгып кеткен, алардын көбү Орусияда иштейт.

Тасма — Жим Жармуштун «Түнкүсүн Жерде» жана Жафар Панахинин «Такси» фильмдерине үндөш.

58 жаштагы Рахмат Хайдаров 90-жылдардын ортосунда бизнесинен кол жууп, Москвага иштөө үчүн кетет. Душанбеде анын аялы, балдары жана неберелери бар. Ал аларга жыйырма жылдан ашык убакыттан бери акча жөнөтүп турат.

Умед Рустамов АКШда турат. Нью-Йоркко тил курстары үчүн барып, саясий башпаанек сураган. Учурда ал Бруклин колледжинде окуйт. Күндүз — сабакта, түнкүсүн — иште. Грин-карта алууга үмүт артып келет.

44 жаштагы Толиб Бахранов Душанбеде калган. Ал аялына жана үч баласына кам көрөт. Атасы өлгөндөн кийин Толиб карындаштарына жана инилерине дагы тирек болууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума