14:37, 02 апреля 2019, Бишкек - 24.kg
КСДПнын 2 депутаты, Карамат Орозова менен Анвар Артыков Алмазбек Атамбаев башында турган 6-апрелде өтчү съездге келүүнү чечишти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине партиянын катчылыгынын жетекчиси Таалай Усубалиев билдирди.
Анын айтымында, XVIII съездге катышууну Бишкек шаардык кеңешинин КСДП фракциясынын дагы 2 депутаты, Сейитбек Абдырахманов менен Эрнис Докенов билдиришкен.
Таалай Усубалиев иш-чарага баардык аймактардан 180 делегат келе тургандыгын кошумчалады.
Эске салсак, буга чейин КСДП расмий түрдө поопзицияга кете тургандыгын жарыялаган. Аталган фракциянын лидери Иса Өмүркулов 3-апрелде партиянын съездин чакыртып алууну билдирген, бирок КСДПнын саясий кеңеши бул чечимди мыйзамсыз деп атаган.