Орусияда каза болгон кыргызстандыктын сөөгү бүгүн мекенине жөнөтүлөт

11:41, 02 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Орусиядагы жол кырсыкта каза болгон кыргызстандыктын сөөгү бүгүн мекенине жөнөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 30-мартта Санкт-Петербургда болгон. Анда бир канча унаа сүзүшүп, жыйынтыгында айдоочулардын бири (кыргызстандык жаран) окуя болгон жерде каза тапкан. Калган жабырлануучулар ооруканага жеткирилген.

Жүк-200 үчүн кыргыз диаспорасы колдоо көрсөтүшкөн. Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголду.