Ошто чет өлкөлүк жарандар ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалды

11:00, 02 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

«Ош» эл аралык аэропортунда чет өлкөлүк жарандар ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 



Маалыматка караганда, 3 шектүү Кыргызстандын аймагы аркылуу Орусияга баңгизат жеткирүү максатын көздөшкөн. Текшерүү маалында алардын жанынан жалпы салмагы 3 килограммдан ашкан баңгизат табылды. 


Шектүүлөр Ош ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.