Ырчы Анжелика учакты башкарып, жерге кондурду

15:53, 01 апреля 2019, Бишкек - 24.kg

Ырчы Анжелика Боинг −737 учагын жерге кондурду. Бул боюнча видеосун ал инстаграм баракчасына жүктөгөн.

Анжелика Кайратова учкуч менен бирге учакты башкарып, жерге кондурууга катышкан.

«Өзүмдүн жеке учагым болушун каалайм», — дейт ырчы.