13:25, 01 апреля 2019, Бишкек - 24.kg
Акрам Мадумаров Баткен облусун жетектейт. Буйрукка бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Акрам Мадумаров аталган облустун Кадамжай районунда туулган. 2017-жылдан бери Мамлекеттик кадр кызматын жетектеп келген.
Өкмөттүн облустагы өкүлү Абиш Халмурзаев бүгүн кызматтан бошотулду.