Баткенде күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

11:42, 29 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Кечээ Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөө саат 23:59да болгон.

Анын күчү Баткен районунун Кыштут, Тескей, жана Жаңы-Коргон айылдарында 2 баллга чейин жеткен.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.