Тайгараев айылында «Матиз» үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп кетти

11:40, 29 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад шаарынын Тайгараев айылында «Матиз» үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу бүгүн ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, унаа жолдун боюнча токтоп турган учурда өрт чыккан.

Анын кесепетинен толугу менен күйүп кетти. Кырсыктын чыгышына электр зымдарынын туура эмес туташуусу себеп болгон.