USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Владимир Путинге каршы чыккан жубайлар үй камагына чыгарылды

10:23, 29 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы митингге чыккан активист Нурлан Карымшаков менен анын жубайынын баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда жабык каралды. Сот аларды тергөө аяктаганга чейин өлкө аймагынан чыкпоо шарты менен үйүнө коё берди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдан билдиришти.

Эске салсак, 27-мартта Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдына пикетке чыккан жубайларды милиция кармап кеткен. Тартип сакчыларынын маалыматы боюнча, кармалгандар улуттар аралык жек көрүүгө чакырган плакаттарды көтөрүп алышкан.

Плакаттарда «Путин-агрессор», «Оккупант», «Адам өлтүргүч» жана «Бизге аскер базасынын кереги жок» деп жазылган. Милиция эксперттер аркылуу жазуулар улуттар аралык жек көрүүгө чакыргандыгын аныктап, кылмыш ишин козгогон.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика