«Манас» университетинде «Өз көчөтүңүздү тигип кетиңиз» аттуу акция болот
16:27, 28 марта 2019, Бишкек - 24.kg , Элеонора КЫДЫРОВА
6-апрелде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Жалдагы Ч. Айтматов атындагы кампусунда «Өз көчөтүңүздү тигип кетиңиз» аттуу көчөт отургузуу акциясы болот. Бул тууралуу 24.kg агенттигине акциянын уюштуруучулары билдиришти. Фото
Маалыматка ылайык, окуу-жайдын жетекчилиги, кызматкерлери, бүтүрүүчүлөрү жана студенттери каалаган көчөттү тандап отургуза алат. Иш-чаранын негизги максаты -кампустун айланасын жашылдандыруу.
Каалоочулар 120 сомдон 1500 сомго чейин бааланган көчөттөрдү тиге алат.