13:31
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Путиндин сапары. Орус аскер базасы, кызматташтык жылы жана бюджетке 30 миллион

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкекте мамлекеттик иш сапары өтүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Владимир Путин президенттик ордунда Кыргызстанга расмий жана жумушчу сапарлар менен гана келген. Ал эми мамлекеттик иш сапар — бул эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган жогорку деңгээлдеги кадам.

24.kg агенттиги Орусиянын мамлекет башчысынын мамлекеттик иш сапарынын алкагындагы келишимдер жана убадаларга токтолду.

Билим берүү жана орус тил макамына кепилдик

Орусиянын 7 университети Кыргызстандагы ЖОЖдор менен мамилесин бекемдейт. Окуу жайлар биргеликте долбоорлорду иштеп чыкмакчы. Студенттерди алмашуу боюнча кеп болгон жок. Бирок, Россия кыргызстандык абитуриенттер үчүн жыл сайын бөлүнгөн 400 гранттык орундун санын көбөйтмөкчү. Кыргызстан болсо орус тилинин расмий макамын сактап калууну убадалады.

Кыргызстандагы туруктуулук маанилүү

Россиянын президент Владимир Путин Сооронбай Жээнбековдун ишмердигин баалап, ал өлкөдө туруктуулукту камсыз кылууга жетишкенин белгиледи.

«Бул сиздин аракетиңиз. Анын артынан азыр Кыргызстан социал-экономикалык маселелерге көңүл бөлө алат», — деди Путин.

Владимир Путин эмки жылды Кыргыз-Орусия мамилелеринин жылы катары белгилөөнү убадалады.

«Кант» аскердик базасыны ижара акысы кымбаттайт

2019-жылдын 23-мартында кабыл алынган токтомго ылайык, орус тарап эми авиабаза үчүн Кыргызстанга жылына $4 миллион 794 миң доллар төлөйт. Мурда бул сумма $4,5 миллион доллардын тегерегин түзчү. Үстүнө 291 миң доллар кошулду.

Ошондой эле аскердик базанын аянты дагы 60 гектарга кеңейтилери айтылат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда экинчи авиабаза ачуу боюнча сөз козголгон жок.

Сапар баасы - 6 миллиард доллар 

Экономика министр Олег Панкротов мамлекеттик иш сапардын жыйынтыгында кол коюлган келишимдердин жалпы баасын 6 миллард долларга баалаган.

Кечээ эки өлкөнүн ишканалары 1,5 миллиард доллардык келишимге кол коюшкан. Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктар комитети «Росгеология» менен 1,2 миллиард долларга Кыргызстандын кен тармагын иликтөөгө сүйлөштү.

Бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путин Жерүй кенине алдыңкы жыйырма жыл ичинде 600 млн. доллар инвестиция салынарын белгиледи.

Аны менен бирге Орусиянын Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн 30 миллион доллар акча бөлөт.

Эки тараптуу сүйлөшүүнун жыйынтыгында 17 келишимге кол коюлду

Алардын катарында, «Газпромдон» «Кыргызнефтегазга» инвестиция тартуу боюнча жол картасы, нефть жана нефти продуктуларын ташып келүү боюнча өкмөттөр аралык келишимге өзгөртүү киргизүү, соода-экономикалык кызматташууну жандандыруу жана улуттук долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйба алмашуу боюнча меморандум, Орусиянын Түз инвестициялар фонду менен Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун кызматташуу тууралуу меморандуму бар.

Андан тышкары, «ВЭБ.РФ» мамлекеттер аралык өнүгүү корпорациясы, «Авелар Солар Технолоджи», «Хевел» ЖЧКлары менен "Астра«компанияларынын ортосундагы кызматташуу ниети боюнча меморандумго кол коюлду.

Кыргызстандын ичиндеги темир жол тармагын өнүктүрүү долбоорлору боюнча кызматташуу меморандуму дагы кенен маалыматты талап кылат. Белгилей кетсек,мында эки ай мурда «Кыргыз темир жолу» Орусияга сатылат деген маалыматтар пайда болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар