15:04
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Путиндин сапары. Президенттер ЖМК үчүн билдирүү жасашат

Бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталды. Президенттин аппаратынан билдиришкендей, бүгүн бир катар иш-чаралар пландалган.

Саат 12:00дө Владимир Путинди расмий түрдө тосуп алуу салтанаты башталат. Эки өлкөнүн башчылары тар форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Андан кийин сүйлөшүүлөр делегациялардын катышуусунда кеңейтилген форматта уланат.

Президенттер сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки тараптуу документке кол коюшат, андан соң пресса үчүн биргеликте билдирүү жасашат.

Мындан тышкары өлкө башчылары Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышат, андан кийин «Хаятт» мейманканасына жөнөп кетишет. Ал жакта 8-аймактар аралык жыйын өтөт.

Ошону менен расмий иш-чара аяктайт.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби