01:28
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Владимир Путиндин саясатына каршы митингге чыккан активист кармалды

Бишкектеги Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын жанынан активист Нурлан Карымшаковду кармап кетишти. Ал Владимир Путиндин саясатына каршы митингге чыккан. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоочу Рита Карасартова билдирди.

Анын айтымында, активистти жубайы менен бирге кечээ милиция бөлүмүнө алып келишкен. Тартип сакчыларынын маалыматы боюнча, кармалгандар улуттар аралык жек көрүүгө чакырган плакаттарды көтөрүп алышкан.

«Плакаттарда «Путин-агрессор», «Оккупант», «Адам өлтүргүч» жана «Бизге аскер базасынын кереги жок» деп жазылган. Милиция эксперттер аркылуу жазуулар улуттар аралык жек көрүүгө чакыргандыгын аныктап, кылмыш ишин козгоду», -деди укук коргоочу.

Пикетке чыккан жарандын үйүн тинтүүгө алышкан. Учурда Нурлан Карымшаков жубайы менен Бишкек ШИИББда кармалууда. Укук коргоочулар аларды 15 сааттан бери ачка кармап жатышканын айтышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар