Путин Бишкекке келди. Опера жана балет театрынын айланасына асфальт төшөлдү

10:08, 28 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Опера жана балет театрынын имаратынын жанына бир түндө асфальт төшөп чыгышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурман билдирди. 

Фото

Маалыматка караганда, аталган аймакта кечээ асфальтталган жол жок болчу.

«Владимир Путиндин «Хаят» мейманканасына келе турганын билген соң гана асфальт төшөштү», -деп билдирди окурман.