17:17, 27 марта 2019, Бишкек - 24.kg
25-26-март күндөрү Чүй районунун жана Токмок шаарынын жалпы элинин 15 пайызы каттоодон өттү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Азыркы учурда республикада мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү иш-чара — кезектеги 2020-жылы өтө турган эл жана турак жай фондун каттоого даярдыктар жүрүп жатат.
«Ушул жылдын 25-мартында эртең мененки 8:00дө Чүй облусуна караштуу Чүй районунда жана Токмок шаарында каттоо иш кагаздарын жана уюштуруу-технологиялык жактан камсыздоону апробациядан өткөрүү максатында, Улуттук статистикалык комитети тарабынан пилоттук (сынамык) каттоосу башталган», -деп айтылат маалыматта.