Бишкектин 8 миң абонентинин электр жарыгы дистанциондук түрдө өчүрүлөт

13:47, 27 марта 2019, Бишкек - 24.kg

29-мартта Бишкектин 8 миң абонентинин электр жарыгы дистанциондук түрдө өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ААКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, электр энергиясына болгон карызын убагында төлөбөгөн жарандар жарыксыз калышат. Алардын карызы 12,5 миллион сомдон ашып кеткен.

30-31-март эс алуу күндөрүндө ыңгайсыз абалда калбаш үчүн «Түндүкэлектр» абоненттерди ага чейин карыздарын төлөп алууга чакырат.

Төлөмдөр атайын кассалардан сырткары «Quickpay», «АсИсНур», «UMAI», «Terempay», «KICB», «БТА Банк» терминалдарында, «UMAI», «Элсом» электрондук капчыктарында, «Айыл Банк», «Дос Кредо Банк», «БТА Банк» жана «Кыргызпочтасында» кабыл алынат.