11:12, 27 марта 2019, Бишкек - 24.kg
Орус тили Кыргыз Республикасында расмий макамында болгон жана ушул бойдон калат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларын ректорлорунун «Илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү — келечекке инвестиция» биринчи форумунда билдирди.
«Билим берүү ар кыл маданияттарга жана тилдерге урматтоого тарбиялай турганын биз баарыбыз жакшы түшүнөбүз», -деди өлкө башчы.
Ал биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү механизмдерин аныктоо зарыл экенин баса белгиледи.