00:00
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Президент: Кыргызстанда 1,5 миң орусиялык студент билим алып жатат

Орусиянын ЖОЖунда Кыргызстандын 15 миңден ашуун студенти билим алат. Бул тууралуу эки өлкөнүн ЖОЖ ректорлорунун биринчи форумунда президент Сооронбай Жээнбеков айтты.

Мамлекет башчы билдиргендей, эки өлкөнүн окуу жайларынын арасында бекем байланыш бар.

«Биз билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча маанилүү маселелерди Орусия менен биргеликте чечебиз. Кыргызстанда 1,5 миң орусиялык студент билим алып жатат», -деди ал.

Форумга Орусиянын 70 жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар