17:55, 26 марта 2019, Бишкек - 24.kg
Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга иш сапары менен келе турганына байланыштуу, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жол кыймылына чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-28-мартта айрым көчөлөр жабык болот.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы убактылуу жаралган ыңгайсыздыкка түшүнүү менен кабыл алууга чакырат. Министрлик кайсыл жолдор жабыла турганын тактап айтышкан жок.