Аваз Акимов менен Айдана Деканын үйлөнүү үлпөт тою бүгүн Бишкекте өтөт

16:27, 26 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Буга чейин Ош шаарында баш кошушкан ырчылар Аваз Акимов менен Айдана Деканын үйлөнүү үлпөт тою бүгүн Бишкекте өтөт. Бүгүн алар жакын санаалаш достору менен сейилдөөгө чыгышты. 

Фото

Эске салсак, алардын үйлөнүү үлпөт тою Ош шаарында 16-мартта өткөн. Анда алып баруучулук милдетти тамашоучу Санжар Мыкыев алып барган. 

Фото

Эки жаштын өкүл ата, өкүл апасы болуп Асан Мансуров менен жубайы, ырчы Самара Каримова дайындалды.