Быйыл Орозо майдын башында башталат

15:38, 26 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Быйыл Орозо айы майдын башында башталат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Алардын маалыматында, Орозо айынын так датасы белгилене элек.

«Адаттагыдай эле айга карап айтылат. Бирок, божомолдуу күнүн он күн мурда билдиребиз», — дейт муфтият.

Өткөн жылы Орозо 17-майда башталган. Айдын башталышы жыл сайын 10 күнгө алдыга жылат.