Бишкекте «Өлбөс полк» акциясын өткөрүү боюнча даярдыктар башталды

15:35, 26 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте «Өлбөс полк» акциясын өткөрүү боюнча даярдыктар башталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине акциянын координатору Зульфира Хайбуллина билдирди.

Анын айтымында, коомдук штабдын мүчөлөрү иш-чаралардын планын талкуулашууда.

«Биз шаардык мэрияга жана президенттин администрациясына кызматташуу тууралуу өтүнүч катты жибердик», -деди ал. Анын билдиргени боюнча, жөө жүрүштүн датасы, чогулган жери жана маршруту өзгөрбөйт.